чет
- Бир нерсенин чеке жагы, жээк жагы, түгөнгөн жери, уч жагы.
- Башка, бөлөк, бөтөн (мис. өлкө, жер жөнүндө).
- Обочо, сырт жак, оолак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Кытайдан келген кызталак, / “Жалгыз кыргыз эл бузуп, / Кошуундун чети кол тарап, / Мына минтип жүргөндө, / Кандай киши жоону алат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ктеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алдын чубатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арбагына чет болдуң, / Айкөл бааша Манаска!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →