черүү

китептерде 84 жолу, 7 китепте
  1. Аскер, кол, кошуун. Эпосто кээде жортуул, согуш маанилеринде да айтыла берет.
  2. Жүрүш, жортуул.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапырылтып топону, / Сабын бузбай черүүсүн, / Сакта баштап жөнөдү, / Жоодар кайра салганы, / Кайда кетти каары деп, / Сакта менен Саранжа, / Кадигине албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Хан Манастын үйүнө, / Хандар келди чогулуп, / Залдын баары сарайда, / Сандаган черүү айылда, / Чоңдун баары борбордо, / Чогулган черүү айылда, / Кечиндеси Каныкей, / Дагы келди байагы, / Төрт баатырдын жанына, / Кеп бар айтар жадында: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колбутуп черүү кол айдап, / Жан жүрбөстүн чөлүнө, / Ат айабай жол тартты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бакырыгы баш жарып, / Акырыгы таш жарып, / Жетимиш миң көп черүү, / Түрүн көрүп капырдын, / Кылып жаткан амалын, / Сүрүн көрүп капырдын, / Гүлчоро турду муну айтып: / — Качып бербей калдаңдап, / Этек кетип далдаңдап, / Эки бут кетип салпаңдап, / Эрдемсип уруш кылбайлы, / Элди кырып барбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →