чердүү1

китептерде 2 жолу, 2 китепте чердүү 2 →
  1. Чер (берчтүү шишик) баскан, чер каптаган.
  2. өт. Кайгы-капалуу, муңдуу, убайымдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күндүз баспай түн басып, / Унаа минбей жөө басып, / Кененимге кердүүгө, / Жүрөгү зардап чердүүгө- / Баарына кабар салайын, / Эл башкарган эрлерден, / Эдеби колго тийгенден, / Эшикке чыгып сийе албай, / Короосуна сийгенден, / Үч айдын күнү токсон күн, / Бир… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көрүп тургун сен болсоң, / Өлбөй тирүү мен болсом, / Калдуубет менен Ойроттун, / Кызыл канын агызам, / Көөнү чердүү сендейдин, / Өчкөн отун тамызам, / Өлгөн атаң тиргизем, / Ордуна сени мингизем, / Суроосуз берем тагыңды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →