чердей

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Курсагы чедирейген көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балбандык белги башында, / Кулагында эшектин, / Кайчыланып делдейип, / Койбоочудай дүйнөнү, / Үйлөгөн мештей дердейип, / Бойунан чоң курсагы, / Бооз катындай чердейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Унутуп өткөн-кеткенди, / Бактыңа уулуң эр чыгып, / Сен жатасың чердейип, / Өгүз минип, өлө албай, / Мен келемин сенделип, / Былк этпей Манас жатабы, / Козголуп койбой термелип?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арстан Сейит баланын, / Ачуусу келип арбайып, / Абдан күйүп ардыгып, / Жана жетип сайарда, / Көрүнө болду бир шумдук- / Кемпир эмес караса, / Атка минип эрбейген, / Салаңдап курсак чердейген, / Бир киши кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Курсагын сылап чердейип, / Кош болуп капыр оштонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошол кезде менин көйнөгүмдүн жыртыгынан кардым чердейип туруучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →