чепкен
- Кабылбай, шырылбай эндей тигилген же ичи кабылып, сырты бош тигилген тыш кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…уйду карматып, / Түктүү сан кылып талатып, / Бар кийимин тонотуп, / Ордо баккан элдер бар, / Өөдө-төмөн колбушуп, / Эскисин алган эзилип, / Дүнүйөгө жетинип, / Чепкенин алган чечилип, / Миң койлуудай эсирип, / Чапанын алган чак болуп, / Бүт дүйнөсү сап болуп, / Курун алган кубанып, / Ит дүйнөгө жубанып, / Топусун алган тойунуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошондо Бакай: — токто, — деп, / Чечип берди чепкенин, / Кийип чыксаң окшойт” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жамачылуу, кызыл чепкенин айкарасынан жаап салыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →