чеп
- Душманды өткөзбөө жана андан коргонуу максатында жасалган чыңдоо, сепил, тосмо.
- өт. Калканч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бенде эмес периден, / Күн тийбес көйкап чебинен, / Тең келе албай баарысы, / Бекбачадан жеңилген, / Жайсыз катын уу берип, / Кара жер соруп семирген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…/ — Баарың көрдүң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тартып бурчтанган, / Мунарыктап урчтанган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушу бүгүн мен өзүм, / Теңдешип душман жеңгисиз / Темир коргон чеп болдум, / Семетейди жеңгени, / Бүткүл элге кеп болдум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Айагынан кеп колдун, / Бозжорго минип чеп болгон, / Бакайдын уулу Байтайлак, / Жаны мыкты эр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ботосу өлгөн ингендей, / Бакайды кошо какшатып, / Арбагын элден бастатып, / Жол кайтартып чеп кылып, / Манасты билген Бакай, деп, / Абыке, Көбөш кек кылып, / Чыйырды, Бакай, Каныкей, / Көргүлүктү көрүптүр, / Көлдөтүп жашын төгүптүр, / Иттердин кылган ишине, / Амалы канча, көнүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →