ченемсиз
- Чен жетпей тургандай, өтө мол, көп, абдан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастап ураан чакырып, / Кыйрынан жандап качырып, / Найза менен бир койду, / Чылбыр чойуп Зоңтары, / Жер кучактап торойду, / Турумбектин найзасы / Сол колтуктун такырдан, / Кере карыш коройду, / Турумбектин бул найза, / Ченемсиз өткүр куу найза.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– деп, / Кыйкырып барат чалдырап, / Чымынчалык дарман жок, / Чымчыктай көзү жалдырап, / Ачып көздү жумганча, / Айта-буйта кылганча, / Аскери арбып олбуду, / Ченемсиз черүү колбуду, / Таман койор жери жок, / Каланын ичи жык толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Батадан бүткөн абамды, / Өлүп кетти дебеймин, / Батасы журтту байыткан, / Падыша Кошой олуйа, / Оорагына жалынам, / Он төрт хандын баарына: / — Кар болуп турат ченемсиз, / Бүгүн тирүү Бакай карыйа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →