ченем
- Өлчөм, белгилүү бир чен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— Мухаммед сунган шарийат, / Ак селдесин оронуп, / Акундар айткан тарийкат, / Алы келсе бүтүрчү, / Мусулманда маарыпат, / Ченине жеткен жери экен, / Ченеми анын акыйкат, / Эч кишинин жок болсо, / Мойнуна түшкөн кыйын карз, / Алмам айаш, билесиң, / Андан кийин Мекке парз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…дүбүрөп, / Келе бери, Сейити, / Өлтүрөйүн өзүм, деп, / Тапан хан барды бүркүрөп, / Жайыла берди көп аскер, / Эстери чыгып күркүлдөп, / Ангыча жетти желмогуз, / Ченем-ченсиз жасанып, / Бойго жеткен кыз болуп, / Порумданып сүлкүлдөп, / Конушбайды мойнунан, / Байлап алып жетелеп: / — Сейити, колго түштүңбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →