чене

китептерде 138 жолу, 9 китепте
  1. Өлчөө, чактоо, ченемине, өлчөмүнө ылайык келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрө салып Чигитей, / Жылмыйып күлүп жиберди: / “Жыргап жаткан немедей, / Бир-бирден келген экен, — деп, / Ачылып багым ченебей! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ттуу бара албай, / Же чылбырынан ала албай, / Далдаңдап чуркап Карадөө, / Алдынан тосуп турганда, / Унчукпай бара жатканда: / — Абакебиз Семетей, / Азап тартты ченебей, / Энекеңиз Каныкей, / Алганың какшайт Айчүрөк, / Жалгызың ыйлайт Сейитек! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сайма сайып койгондой, / Сай бойунда чечекей, / Азыркысын Кеңколго, / Чыккан экен ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →