ченде
- Жакындоо, жакын баруу, жакындап калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Четке чыгып Чигитей, / Чендеп көрдү буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Найзасын чендеп эр Сыргак, / Кылычын сууруп кынынан, / Сайгалы сунган найзаны, / Кыйа чаап таштады, / Имере кармап кылычты, / Майтыктын минген көк пилин, / Так мойунга чапканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— Же бир элге чендесекчи кокуй!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →