чен2
- Кандайдыр бир нерсенин жаны, жакын чет жакасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайгуулга келген ченчиби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…оңурбай өзү, деп, / Кишинин баары таңданган, / Бир иретки сыйкырга, / Кадимкисиз жарайт байкасаң, / Аккулжанын териси, / Кургатып койуп жамынса, / Соорандыктын чен тону, / Нак өзү болот жайынча, / Тааный албайт так айрып, / Жабылган черүү барынча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпдаң кызы Куйалы, / Жардамга келген чени бар, / Жер чардап жеңем келерде, / Амалың болсо кылгын деп, / Менин айткан кебим бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Алардын кошу шаардын аяк ченинде болчу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →