челпек

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Майга бышырылган жумшак, жука нан, тегерек чоң боорсок.
  2. Жука жайылган камыр кошулуп жасалган тамак.
  3. диал. Калай, аллюминийден жасалган сузгуч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Абдан сөзгө каныптыр / Өрлүк кылып эртеси, / Көзкаманга барыптыр, / Аркалап көчүп келди деп, / Карача каймал төө алып, / Кысыр калган бээ алып, / Жупка менен челпектен, / Чакага салып, көп алып, / Капталдап кара чай алып, / Бышырып козу дагы алып, / Кымыздан тарткан арактан, / Көөкөргө куйуп муну алып, / Үй-бүлөсү кийсин, деп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айабайбыз малды, деп / Кененимдин жалгызы / Жашында өлүп калды деп, / Сүт бото тайлак төө сойуп, / Тай мойунча уй сойуп / Табак-табак эт толуп / Челпек,куймак,боорсогу, / Дөбө дөбө топ болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →