челкей

китептерде 4 жолу
  1. Курсагы чоң болуп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Василий орто бойлуу гана курсагы чоң, челкейген адам. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Топтун ичинде,- казысын челкейтип, жапактан чыккан Байзак болуш менен биздин Ыбыке жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Байзак болуш эки колун артына алып, элдин алдыраак жагында кардын челкейтип, тамашага батып, карап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Берегинде бешмантчан болуп, желденип, эки колун артына алып челкейип турган Ыбыкеге бечара дунган жалжал карап коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →