чекчей

китептерде 19 жолу, 7 китепте
  1. Кадала кароо, тикирейе кароо, көзүн чекирейтип тирмие кароо.
  2. Кекирейген, бой көтөргөн түрдө болуу, мыкчыюу, кекирейүү.
  3. Бышык, өз боюна тың, тартиптүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ер туруп калалбай, / Найзасын кармап бекемдеп, / Каадалуу балбан кептенип, / Беттеп кирди кекеңдеп, / Алмак-салмак теминип, / Эки буту тепеңдеп, / Ирмебей көзү чекчейип, / Киндигин тартып, бел түйүп, / Кууратам деп мекчейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эринден тешип эр Чубак, / Талпаңдай басып барыптыр, / Оң жагында канжыга, / Башты байлай салыптыр, / Чубак атын мингенде, / Былк эте албай Көктеке, / Багалчеги майышып, / Араң турат кайышып, / Чечекейи чекчейди, / Бут шилтебей тайышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чекчейип Тапак ченебей, / Найзасына тырмышып, / Өлөөр жагын элебей, / Шайманы кеткен болучу, / Кайраты калбай кенедей, / Кабыландын кара көк, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Отуз эки ат маштын, / Баарын билет, өнөр көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Семетейи жок болсо, / Калган кыргыз чекчейип, / Түзгө түшүп топтолсо, / Карыган Бакай чал болсо, / Гүлчоро менен Канчоро, / Машыкпаган жан болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Канаттуудан айла болбогондой кийин бала жүрүп олтуруп, бутун шилтей албай, каруусу калбаганда "өлсөм дагы адам жатпас дөбө деген дөбөгө жетип этимди карга, кузгун жесин" деп, башына таяк жасап, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп, жатып үргүлөп уктап кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →