чектеш
- Чеги бирге, жанаша жаткан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурат келди беттешип, / Күркүрөтүп найзасын, / Күч ортосун чектешип, / Айрыбай көзүн тиктешип, / Өлөр жерин чиктешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ке, / Кирген экен күч менен, / Найзаларды кезешип, / Кекенишип кездешип, / Бирден сайып өтүштү, / Тобуке, Батай беттешип, / Сыр алгансып калышты, / Күч ортосун чектешип, / Бешимден кечке сайышты, / Белдүүлөр минтип тайышты, / Кимиси алып, ким калат, / Бакты билет ал ишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…а кеп айтат: / — Баарың көрдүң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тартып бурчтанган, / Мунарыктап урчтанган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайна…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан, Сейит беттешти, / Күч ортосун чектешти, / Каңкылдатып сайышты, / Сайдырбастан кагышты, / Кекенишип турушту, / Кезкерип найза сунушту, / Кезек менен кээри жок, / Акырайа тиктешип, / Ичи жалын, боору жок, / Аманат хан кантер деп, / Айанышар жери жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бет маңдайга келгенде, / Күч ортосун чектешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →