чекене

китептерде 3 жолу
  1. Чакан, кичине, кичирээк, анча-мынча, бир аз.
  2. Дүңдүн карама-каршысы, жекелей бир бирден.
  3. диал. Оңой, жөнөкөй.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Четтен уурдап ат алып, / Чекене көрүп биздерди, / Асылга жардам кылабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирине бирин жеткирбей, / Чекене басып кетирбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →