чеке
- Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай.
- Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү.
- диал. Өңү каралжын келип, майда бутак алып, корумдардын арасына чыгып, май айында гүл төгүп, июлда мөмөсү быша турган жыгач өсүмдүгүнүн аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Арбагы айкөл жар болсо, / Канчасы чыкса жекеге, / Бөлүнгөнүн чекеге, / Айтканым жалган болбосо, / Кетирбейин дегеле” / Аңгычакты болбоду, / Мыктысып Дөнө келди эле, / Өзү ооп түшөт, деп, / Карап турган кеп эле, / Айнектей көзү …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кимиң кабар кылмаксың, / Чыгыш менен батышка, / Жайнап жаткан көп элге, / Эртеңки күнү жекеге, / Сен чыгасың чекеге, / Өзүм барсам кантесиң, / Саламат барбай ал жерге?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байкадым баарын мен — деди, / Чекелеп уруш кыл, — деди, / Бейлеп турат оогандык, / Чалынаарың тор, — деди, / Энөөлүк кылсаң кокустан, / Жатаар жериң ор, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келдиби ошол аттанып, / Чекесинен чабайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыйын болсоң, Канчоро, / Бөлүнүп чыккын жекеге, / Чогуудан чыккын чекеге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →