чейрек

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Төрттөн бир бөлүктү түшүндүрүүчү өлчөм.
  2. Салмагы беш кадакка барабар болгон өлчөм бирдиги.
  3. Окуу жылынын төрттөн бир бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колун салып койнуна, / Сууруп алды канжарды, / Алтымыш чейрек тамеки, / Аз бөксө болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аташканы айкөлдүн, / Акылман жеңем Каныкей, / Жетиксиз болсоң алгын, деп, / Казынасын чачтырган, / Санабастан чейректеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эп келишип калың журт, / Ар жылына бир сапар, / Жыйырма чейрек алтынга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жыйырма чейрек «алтынга», / Баскан экен ал мөөрүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бул андан калгандан кийин ар кайда сандалып жүрүп, акырында Сарытологойго келип, эптеп жүрүп быйыл чейрекке жакын апийим айдап алган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →