чегиртке

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Чырылдаган үн чыгарып секирип жүрүүчү же учуп кетүүчү чымын-чиркейлердин тобуна кирүүчү жандык, ушундай эле айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтире турган жандык (мис. кара чегиртке).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чегирткеси чыртылдап, / Ырчылардын комуздай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайыңдын баары түзөлүп, / Чегиртке сайрап күү чертип, / Күйкө бийлеп эбеңдеп, / Көрдүңбү, айкөл шерди деп, / Кабар берип баарына, / Королу менен кашкалдак, / Учуп жүрөт сепеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өрөөн менен жел согуп, / Сыдырым шамал салкында, / Чөп деңиздей калкылдап, / Дүкдүйө түшүп түрүлүп, / Көк жашыл болуп жалтылдап, / Үн салып булак шырылдап, / Чегирткелер чырылдап, / Жалбырактар дырылдап, / Көлдө сүзүп субайлар, / Мурундары бырылдап, / Мышыктар жатат бүкүйүп, / Кекиртеги кырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чегиртке болбогон жылы элинин дыйканчылыгы көбүнчө ушул арада болот экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →