чегин

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Артка кетүү, кетенчиктөө, артын көздөй жылуу.
  2. Согушта жеңилгендиктен артка кетүү, кайра артын көздөй жылуу, кайра тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Күүгүмдөгү устадай, / Көк жашыл тартып бүрүлдөп: / — Кыйынсыган Кененим, / Кыргызыңда болбодуң, / Кытай менен муңгулдун, / Кошулушкан чегинде, / Капилет өлүп сойлодуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мен ошого барайын, / Уруксатың бергиниң, / Короолош коңшу олтурса, / Көрүп кайра жанайын, / Кол салып келген жоо болсо, / Койбой баарын чабайын, / Сүргүн кылып калмакты, / Кайра Каңгай чегине, / Айдап барып салайын, / Айабаймын жанымды, / Андан ары жөнөйүн, / Эли жерин мен көрүп, / Бейжингече барайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Самаркандын чегинен, / Ташкендин үстү белинен, / Ошондо барды жол чалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деди эле чегинип барып, эшиктин далдасына туруп калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →