чеге
- Өтүктүн таманына, ээрге ж.б. урулуучу кичинекей майда мык.
- өт. Тирек, таяныч, мыкты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын жаркылдап, / Артайыл, тогоо алтындан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтындан кылган жан казан, / Ашкананын оозуна, / Күмүштөн кылган туулгага, / Дүмүнөн салып көмөргөн, / Салган шырдак четине, / Күмүштөн чеге чөгөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ынып, / Төрөй элек келиндер, / Акыректе чоң сөйкө, / Аркасында чач багы, / Бооруна өңүр тагынып, / Колуна чек кап салынып, / Бутунда өтүк бийдана, / Көкшаалдап чеге кагылып, / Он сегиз менен отуз беш, / Ортосунда эчендер, / Каймана сырттан жалынып, / Бет маңдай келип сырдашса, / Бар дүйнөсү табылып, / Опколжуп жүрөк токтоб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эшкен чеге жип болсо, / Алып келгин алдыма, / Жамбашыман катуурак, / Өткөндө жакшы уктаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канатынын учуна, / Күмүштөн чеге каккандай, / Куйруктары жалтылдап, / Алтындан накуш жапкандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →