чеберде
- Этият болуу, сак болуу, абайлоо, байкап аракет кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдык башын кесер деп, / Кардыгач менен Жагалмай, / Катар өлүп кеткенде, / Ишибиз болоор бекер деп, / Басып калган Чакмакташ, / Бутун айап чебердеп, / Бозала менен койгулап, / Зырылдатып жебени, / Демеп тартып чойгулап, / Манас деген үн менен, / Канаттуудай зыркырап, / Көргөнгө түрү бир башка, / Ажыдаардай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арамзада Суумерген, / Кечпей койот кенен, деп, / Жакындатып Кененди, / Өлчөп качып чебердеп, / Кармаарына калганда, / Чылбыр бойу барганда, / Сууга түштү чулп этип, / Кеңкуланы камчылап, / Кошо түштү Кененим, / Алдындагы Кеңкула, / Жалын жайып кайыкта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “ Эр” деген кепти угуптур, / Алп Жамгырчы ошондо, / Атынын башын буруптур, / Бакайдын келип алдына, / Бата тилеп туруптур: / — Канча жылы калмактын, / Торуна түшүп курчалдык, / Четинен бузуп торлорун, / Чебердебей жол салдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Астына салып булутту, / Үстү менен чебердеп, / “Гүлчоро башын жесем” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушул мезгилде «бирдемесин бүлдүрүп аламбы» деген кишиче, мышыктай табышын билдирбей чебердеп басып, баягы жолоочу кирип келди, мунун келгенин эч ким байкоос алган да жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →