чебер
- Өз ишин мыкты билген кылдат, устат, уз.
- Акырын, этияттык менен, кылдат түрдө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кимиң баатыр, ким коркок, / Кимиң чебер, ким чоркок, / Бүгүн таанып билебиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жеткир күлүк чабам дейт, / Чебер өнөр табам дейт, / Эр сайышат балбан дейт, / Күрөш салат андан дейт, / Жамбы атат мерген дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каныкейдин көк торпок, / Эки энеге тел торпок, / Сайга жазып кердирген, / Чеберлерге тердирген, / Он экиден өрдүргөн, / Чоң камчы колго имерип, / Сооруну көздөй жиберип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…лбеди киши маңдайга, / Баатырдын уулу Сомбилек, / Чыканак жерге салбастан, / Таң агарды майданда, / Кастык кылып келгенден, / Атканын жазбас мергенден, / Жаага чебер кергенден, / Чапканын жазбас андестен, / Найзага чабар ыктуудан, / Балтага кыйын шыктуудан, / Кылычка кыйын кылдаттан, / Тайганы бар жетекте, / Уламдан-улам жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Колу май-да-барат иштерге чебер.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →