чаңкылда

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Чаңк-чаңк эткен дабыш чыгаруу.
  2. Кулакка жагымсыз чаңк-чаңк эткен ачуу үн чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бул сүйлөгөн сайын карагайдын арасы тилин туурагандай чаңкылдап, тең унчугуп турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир топ ары барганымда, туура жагымдан бир ит жүгүрүп келип, чаңкылдап үрүп, тегеренип туруп алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →