чаңкай2
- Ачык болуу, айкын көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, кир кабак, / Орок мурун, чуңкур көз, / Кең көкүрөк, кууш айак., / Кара сакал жайкалган, / Кадимтен бери урушта, / Кан кечип көнгөн чайпалган, / Асманы көпкөк чаңкайган, / Көп жаабай жамгыр аз жаган, / Мээ кайнаган ысыктан, / Бок кайнаган сасыктан, / Кан бүркүшкөн кызыктан, / Баш тартып кайра качпаган, / Басташып келген душман…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лөң күзгү күнүндөй, / Рапы мискин, Көйкапка, / Жуманын кадыр түнүндөй, / Үйдө жаткан чалдардын, / Абышка-кемпир андайдын, / Бойу балкып өзүнчө, / Күн бүркөлбөй чаңкайып, / Күн-түнү бирдей жапжарык, / Күнү кайсы, түн кайсы, / Айрып билген жандар жок, / Таң агарды кашкайып, / Дайардык көрдү Нурфану, / Аптабасын колго алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лкылдап, / Ак сакалы жаркылдап, / Өңү кызыл үлпүлдөп, / Үнү бийик баркылдап, / Анын арты жагында, / Бозжорго менен чайпалып, / Ак байбиче чалкайып, / Ак элечек чаңкайып, / Он беш катын котчусу, / Келип калды такылдап, / Анын арка жагында, / Асаба колдо калкылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Найзанын учу кагышып, / Кетүүчүдө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн чакылдатып чаңкайып, / Чубактын аты Көктеке, / Темир тоодой залкайып, / Үстүндө Чубак олтурат, / Аскалуу зоодой калкайып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →