чаңка

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Суусоо, абдан суусоо.
  2. өт. Эңсөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чатырына келишти, / Чатырдакы малайлар, / Чаңкап келген эрлер, деп, / Чай кайнатып беришти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алдындагы Күрөңдүн, / Ооздугун чыгарып, / Азыраак чөптөн чалдырды, / Катыра койуп суусунан, / Чаңкаганын кандырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тилдери аттын чубалып, / Тизесинде салаңдап, / Кеберсип эрди жарылып, / Айабай суусап бек чаңкап, / Көзү соолуп суусундан, / Тынуусу демге кысылып, / Кара тер бойдон сызылып, / Барган сайын от чыгып, / Балакеттүү кум ысык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ө кармашып, / Бастырбай жолун торошуп, / Үзөңгү боодон өткөрүп, / Ээр кашына орошуп, / Аттары тартпай шалактап, / Үстүндөгү ээлери, / Тилдери карыш салаңдап, / Чаңкаганда акактап, / Кайышып тартып чиренип, / Буудандарга камчыны, / Карасанга жиберип, / Капталга салып жарышып, / Өргө салып өкүрүп, / Эңишке салып көгөрүп, / Бирин-б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…лып, / Кетип барат жол менен, / Адырмак кара тоо менен, / Артуу-артуу бел менен, / Агыны терең коо менен, / Акактап жаткан шор менен, / Заңгыраган зоо менен, / Чаңкап жаткан чөл менен, / Арбытып он күн жол жүрдү, / Кара кашка ат менен, / Бара жатат Сомбилек, / Залкар санаа ой менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →