чаңдак

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Чаңдуу, чаңы көп, чаңы чыгып, чаңдап турма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жорго минип ал эми, / Чайпалып жолду баштады, / Аладыр деген жер басты, / Алдайгыр деген бел ашты, / Белден түшүп келе атып, / Көрүп калды Чаңдакты, / Кырк балбан бар жандаган, / Толук кырк миң киши экен, / Кокүн курап айдаган, / Көрө салып Конушпай, / Керсары болуп кубарып, / Жерди тиктеп муңайып: / — Кээ… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эңкейе түшүп Каныкей, / Он төрт бокчо колго алды, / Хандардын койуп алдына, / Каныкейдин айтканы: / — Бара турган жериңер, / Көрбөгөн жер, угушта, / Жери чаңдак шор деген, / Эли жакыр кор деген, / Айланасы көз жеткис, / Алтымыш капка жер деген, / Ошонун барын башкарган, / Коңурбай калча зор деген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →