чаңда

китептерде 82 жолу, 9 китепте
  1. Чаң көтөрүлүү, чаң чыгуу.
  2. өт. Чаң салуу, чуу түшүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отор өлүп кеткенде, / Эки жагын караса, / Маңдайда калың кол да жок, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Чачкандай болуп жатыптыр, / Куткарбайын бирин, деп, / Куп кыйамың келди, деп, / Тору атты бура тартыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арамзада Суумерген, / Боронбайга жолугуп, / Булкулдап ыйлап соолугуп, / Болгон кепти бүт айтып, / Апыртма кошуп күч айтып, / Жалган жерин чын кылып, / Кичинесин чоң кылып, / Боронбай болгон кепти угуп, / Бу дагы жүрдү оолугуп, / Кырк миң колун жардатып, / Топуракты чаңдатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кошуунду көрүп Сейитим: / “Кырк күндүк мөөнөт алгалы, / Бүгүн он бир күн болду, / Кара жолду чаңдатып, / Келаткан кошуун ким болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →