чаң1
- Аба менен көтөрүлүүчү же кандайдыр бир нерсенин үстүнкү бетине ылдам жугуучу жеңил, кургак, эң майда тозоң.
- бот. Урук байлоочу өсүмдүктөрдүн тукумдашуучу тозоңу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өзү манжу элинен, / Аттанып чыкты бул чочко, / Чаңбейсен тоонун жээгинен, / Канчасы буга кошулду, / Кара кытай элинен, / Үчөө келди татаалап, / Дайындуу чыккан элинен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мен-мен деген үч балбан, / Катар учту камгактай, / Коркуп турат коросон, / Кырат экен бизди деп, / Бир кишини куткарбай, / Алоолонуп кеңкула, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жанашып шамал жете албай, / Чаңы аркада калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Менин атым Чаңчыкпас, / Буркураган шор менен, / Айабай жүрсөм катуулап, / Аркасынан чаң чыкпайт, / Ар кандай минсе чалгынга, / Кароолдогу эр туйбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →