чачыра

китептерде 57 жолу, 10 китепте
  1. Бириндеп-бириндеп бөлүнүп туш-тушка ыргуу, туш-тушка чачылуу.
  2. Жайылуу, тароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки көзү чачырап, / Өзүнчө туруп ал жерде, / Төрөөттө кара баскандай, / Азуулары качырап, / Чок өчүп колу калыптыр, / Бул ашырып айткан иш эмес, / Жүрөгү күйүп эт калбай, / Күй… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…/ Жылан менен чайандай, / Уусун чачып заарданып, / Алам деген Чойун алп, / Таамай найза сайалбай, / Өлүүчүдөй арданып, / Буурадай тиши качырап, / Көзүнөн жалын чачырап, / Оозунан көбүк чачылат, / Жана кирди түгөнгүр, / Минген атын камчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ат, / Милте күйүп ок учат, / Үн угулуп тарсылдап; / Эки тактай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң муну айтат, / Олоктогон Чубакты, / Алмак үчүн бир сынап: / — Мингениң буудан Көктеке, / Жүрөктүү эле эркекче, / Жалтайган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Жетимиш миң көп аскер, / Селдей каптап дүр койду, / Алмабаш менен Гүлчоро, / Алдына утур бир койду, / Аламан келген көпчүлүк, / Ат бастырбай токтолду, / Чачыратма ал октон, / Үч жүзчөсү жок болду, / Чогуу баспай көп аскер, / Бөлөк-бөлөк топ болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Караса көзү чачырап, / Калмагынча балдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →