чачым

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Азык-түлүк чачымы. Согуш убагында айыл-чарба өндүрүштөрүн даярдоо, топтоо үчүн мамлекет тарабынан колдонулган атайын чара.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайдан көрүп кордукту, / Карандай кылган зордукту, / Катын башым эр кылып, / Кара чачым куу кылып, / Караңгыда каңгайды, / Арбагын айтып айкөлдүн, / Таң аткынча чуу кылып, / Минген атым Карала, / Кара бойдон аккан тер, / Келе жатсам бул жакка, / Учурап калды алдыман, / Өөдө жакта топ бала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Калмактын калсам колунда, / Капак кылат башымды, / Бирден жулат чачымды, / Кескилеп кетет этимди, / Тилгилеп кетет бетимди, / Айтпай кантип жашырам, / Алаке сенден ниетимди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыркыла элек кыл чачым, / Эл башкардым кыз башым, / Укмуштуу энем молдо эле, / Атам эмчи кожо эле, / Анычүн элге айтканым, / Кыйгачы жок оң эле, / Башчы болдум элимде, / Эл бийледим жеримде, / Каш кайтарган киши жок, / Баарысы кирди кебиме, / Бир тууган эркек менде жок, / Таңуу болоор белиме. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Айыккандан кийин чачым таздын башындай жыдып түшүп калганын бир гана билдим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →