чачыла1
- Келин келген учурда чачыла турган таттуу, кант, боорсок, тыйын ж.б. Кокус келин келип калса, алдынан чачыла чачып койгула деп байбиче боорсок бышыртып да койгон жок (Сыдыкбеков).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачыласың бузулуп, / Ынтымактуу турбасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Болор болбос чуу болсо, / Бүткүл кыргыз чачылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суй…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Маашанын баары чачылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →