чачы
- Көбүнчө баш кийимдердин (мис. тебетей, калпак ж.б.) төбөсүнө тагылуучу же жоолуктун ж.б. чекелериндеги майда жипчелер, чачык.
- Кээ бир малдын (мис. уйдун) куйругунун чачыланган уч жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күч келтирип айабай, / Тартып жаткан арканы, / Кесилетке тийиптир, / Орой тийген чачылып, / Күүсү менен аркандын, / Элүүчөсү өлүптүр, / Кеңкула менен Кененим, / Кесилетти көрүптүр, / Эр кененим жеткени, / Кылыч менен мойнунан, / Кыйа чаап өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбетти өлтүрүп, / Куурайдай мойнун кыйыңар, / Агеркечти жулмалап, / Желке чачын кыркыңар, / Кементайды кийгизип, / Кер байталды мингизип, / Алып барып таштаңар, / Карахандын шаарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →