чачтуу
- Чачы бар, чач койдурган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп айтканда Байтору, / Угуп алып кыз Сайкал, / Арамдык жок кылайган, / Өзү жетип барууга, / Аппак чачтуу карыган, / Мурункудай кубат жок, / Бел бүкчөйүп арыган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаш жыгачтуу алманын, / Кабыгынан жыйдырып, / Кырчындуунун кырк чачтуу, / Тал бүчүрүн сыдыртып, / Кермегин жакшы кандырып, / Тандап жүрүп абдан, / Буласын алдым талынан, / Ак болотту эгетип, / Арасына ширетип, / Албарс учтуу шибеге, / Ак болот ийне биздерде, / Айланасын кабууга, / Араң жетти бир күнгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ак чачтуу кемпир каргаса, / Ак калпак кыргыз элим — деп, / Ак шумкар шаңшып үн салса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →