чачпак

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Аял кишилер чачка тагуу үчүн чачылуу кара жибектен жасалган, күмүштөн ж.б. зер буюмдар ар түрдүү формада кооздолуп тыгылган жасалга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…инин баары көгөрүп, / Боз улан кемер курчанып, / Кыздары үкү сайынып, / Тогуз-ондо кыз балдар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагынып, / Эки эли кундуз жээктеп, / Белдемчисин кагышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кош жоргону карматып, / Алтындан соккон чоң сөйкө, / Кулагында жаркылдап, / Күмүштөн бүткөн чоң чачпак, / Май сооруда шаркылдап, / Карап турса Какелей, / Ал Каныкей шум бейбак, / Сөйкөсүн салды койнуна, / Чачпагын кармап колуна, / Жыла тепсеп барды эле, / Көзкам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтындан соккон чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Күмүштөн куйган чоң чачпак, / Май сооруда шаркылдап, / Канчоронун жанында, / Чачыкей турат арам күң, / Мас болгондой шалкылдап, / Айлана басып кыйшактап, / Терин аарчып шыйпактап, / Аркасын салбай чорого, / Айлана басып кыйгачтап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Он эки буттуу чоң чачпак, / Аркасында шаркылдап, / Түймөсү жакут, кохар таш, / Көз уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Келеңгир чачпак келинди, / Онду тууган баатырдан, / Очок ээси кемпирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →