чач1
- Адамдын баш терисинен чыккан кыл, калың түк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…багы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тапа- так найза беш кулач, / Аргамжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карага…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →