чатыраш2

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Он төрт ак, он төрт кара таш менен алды-артына жылып, дойбу сымал ойнолгон оюндун аты.
  2. диал. Суу жээгине, чайларга өсө турган ичке бутактуу, барпагай жалбырактуу өсүмдүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аш бербестен бүт алат, / Эки тишти ак колтук, / Ал экөөнөн туз берсе, / Кийин көчтөн кыйналат, / Мээсинен түтүн буу чыгат, / Ойногондо таш санап, / Кеште менен чатыраш, / Ойногондор топ болуп, / Алдырап келе жатса да, / Келе жаткан кишилер / Тура калат токтолуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мөөрөй аттың атмачың, / Коргоол менен чатыраш, / Манаптарың баспадың, / Кечте менен топ ташты, / Эртеден-кечке баштадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…кан, / Ыйлатпай бала уктаткан, / Таласта жатып жай алып, / Жамбашка карыш май алып, / Жаштары ойноп дуулдап, / Улак тартып, кунан чаап, / Карылардын кылганы, / Чатыраш, кеште, кумалак, / Ойноп жаткан кезинде, / Эч нерсе жок эсинде, / Күн батыштан төө тартып, / Майда-барат соода артып, / Төөлөрүн чиркеп чубатып, / Айылдын нарк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чаначка кымыз алдырып, / Күчүү жанып калат деп, / Күч ала туурап салдырып, / Ак кыйанын ойуна, / Чоң Үркөнүчтүн бойуна, / Манастын улуу чунактын, / Келе турган жолуна, / Өлөң айтып жеңишип, / Селкинчегин тебишип, / Чатыраш ойноп даң салып, / Чай кайнатып бал салып, / Казыга кошуп жал салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Килемчен эки жигит менен колуна чатыраш кармаган кыз теректин түбүнө келип, эки жигит, бир кыз болуп ойной башташат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →