чатыра

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Чатыр-чутур, чарт-чурт эткен дабыш чыгаруу, чартылдоо.
  2. Дүрбөй түшүү, жапырт дүрбөө, туш-тушка таралуу.
  3. Тарсайып, чыңалып чыгуу, чыңалып толуп чыгуу.
  4. өт. Дүркүрөп өсүү, көбөйүү, жапырт өсүү, мыкты, өркүндөгөн абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш баштал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чарайнасы чатырап, / Быркырады Саранжа, / Саранжанын найзасы, / Кененимге тийгенде, / Канча барча бөлүндү, / Сыныктары чыркырап, / Көктө учуп көрүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чалкалаган төр калды, / Чатыраган көл калды, / Суусуз нечен чөл калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кээ бирөө жолду катар кетип баратып, ар кай жердеги бирин-серин байлардын зайымкелерине, бал челектерине, үйлөрүнө, эгин, чөптөрүнө чаап барып, от коюп, жалын асманга зуулап, чатырап күйүп, жердин бетин жоо тийгендей кылып, сыйпады да кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →