чатыр2
- Кандайдыр бир нерсе сынып, жарылып же от чартылдап күйүп бараткандагыдай чыккан үндү же дабышты билдирүү же ошого салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Каракөз айтканда, / Күрс дегинче жөтөлүп, / Көкбөрү башын көтөрүп: / — Тете, Салаа, Каракөз, / Сурасаңар менден сөз, / Бир чатырда турабыз, / Жоголушуп бетме-бет, / Кек алар болсоң кыргыздан, / Кезеги мунун келген кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чатырың тигип жайланып, / Тойгузуп курсак чайланып, / Андан кийин, келгендер, / Ким экениң билдиргин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сакта менен Саранжа, / Унаадан жүгүн түшүрүп, / Чатырын тигип күтүнүп, / Кеңеш кебин бүтүрүп: / “Жекелешип баралы, / Жеке уруш салалы, / Пил болсо да бу чакка, / Чаалыккандыр Кененим” / Каңгайдын көрүп байрагын, / Жоодар сайды бир жерге, / Кененимдин желегин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оогандын Апы, Напысы, / Андан башка сыйкыры, / Чоң кастыкты кылбасын, / Азык-түлүк чатырдан, / Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →