чатына

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Жарака кетүү, сынан кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туш-тушта жок көп тешик, / Тоскон жери беш эшик, / Билгизбей чыгып кетерге, / Белги берип бектерге, / Кемтиги жок иш жайлап, / Чыгып кетти Алмамбет, / Чатынан түйүп баш байлап, / Дарбазага барганда, / Баштарды асып таштады, / Бурулбай жетип Алмамбет, / Кожаалы менен Сыргакка, / Бар кылганын айтканы: / — Кожаалы досум… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чатына батпай жабдыгы, / Какшасын канчык жатыны, / Жаманбайга берейин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Түшө калып Гүлүстөн, / Боорун жарып өт алды, / Кардын жарып карады, / Кол башындай сандыкты, / Чатынан издеп таап алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эртең менен Кутургур, / Жана чыкты жулунуп, / Минген аты Тоокызыл, / Чатына батпай суурулуп, / Аркасынан аскери, / Жайнап чыкты чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мадыкандын алдынан, / Мүйүзүн салып чатына, / Үстүнө аны мингизди, / Көтөрүп алып тиргизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →