чаткал1
- Эки тоонун кошулушундагы ойдуң жер.
- Эки тоонун ортосундагы шар аккан суу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кабар уккан Бекбача, / Ордонун ханы Орунбай, / Сөзүн айтты ага жай: / — Майбулак, Жаакташ, Кеңтескей, / Карабуура, чоң Чаткал, / Бууракужур, Акташтан, / Жергенин сары талаасын, / Азыр болгон элиңе, / Эл ырысы жериңе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап баары калышты, / Көрдүңбү деп көргөнүн, / Биринен-бири сурашып, / Мен көрдүм палан сонун, деп, / Жабыла сүйлөп чуулдашып, / Кара буура Чаткалдан, / Караанын көрүп күмбөздүн, / Күзгө жакын ысык кез, / Душмандар келген бул мезгил.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээктей, / Бир келки аппак жабуусу, / Эр Чубактын айылы, / Карабуура, Чаткалдан, / Алмамбетке караган, / Жергенин Сарыталаага, / Жергелеп тартып конду эле, / Шык алып ногой толду эле, / Капсалаң менен күн өтүп, / Хан келер кези болду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн бир күнү, / Карабуура Чаткалдан, / Бүркүт салып келаткан, / Утур чыкты алдынан, / Катуу жүргөн бир адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карабуура,Чаткалдан, / Айагы куйуш Самаркан, / Күн чыгыш көздөй толгонуп, / Сол колуна айланган, / Ташкен менен Наманген, / Анжыдан менен Маргалаң, / Атактуу залкар Кебезтоо, / Бөксөлөп баарын айланган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →