чатакташ
- Чатак чыгаруу, чыр салуу, чырлашуу, талаш-тартыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ашка кел деп чакырып, / Чыр чыгарды деп айтат, / Чатакташып Отор хан / Чатак тапты деп айтпайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…издер баралы, / Кеңеш салып кеп кылса, / Айткан кебин эп кылса, / Аралашып калалы, / Айткан кепке көнбөсө, / Бизди киши ордуна көрбөсө, / Биз калбаны салалы, / Чатакташып калалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– / Желдей сызып ошондо, / Жетип келди байракка, / Муну мындай таштайлы, / Чатакташып Жолойдун, / Качышынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →