чатак
- Чыр, талаш-тартыш, жаңжал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондо баатыр шер Манас, / Ачууланып күүлөндү, / Элүү төрт илек кол айдап, / Бейжинге ырас киргени, / Ошондон чатак арбыды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түндө чырым албады, / Түнүндө чатак салганы, / Күндүзү тыным албады, / Сайышкан бирден балбаны, / Өтүп барат далай күн, / Бешөө келип чогулуп, / Бир баланы албады, / Кезектешип беш каапыр, / Бирден-бирден барбады, / Күндө уруш чуу менен, / Жердин бети чаңдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…атып, / Агыштын ушул айтканы: / — Күйөө болуп, кыз жандап, / Күлкүм менин кана элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал,- / Агыштан угуп бар кепти, / Байгени бөлүп эл кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үйгө эле эмес талаага, / Чатак кылса чуу салчу, / Жети кыраан балага, / Ылайыктуу нерсеңди айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алты айга жетет, — деп, / Аңгыча элдер кетет” – деп, / Аш берем деп эл жыйды, / Чатак салган жандарга, / Айагында сыр кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →