чарык2

китептерде 2 жолу, 2 китепте чарык 1 →
  1. Бодо (кара) малдардын чылгый терисинен, көбүнчө баш терисинен жасалган бут кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Найза, кылыч белинде, / Чокморун артып ийинге, / Оозунан көбүк чачылып, / Опсуз келет Буйтуна, / Эки өгүздүн терисин, / Чарык тарткан бутуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…н, / Алты күнү дарылап, / Түгөнбөгөн сары суу, / Кан аралаш ириңи, / Калтырбады бирини, / Эсептеп жашын Гүлүстүн, / Далысынын кечирин, / Ченеп көрсө кесигин, / Чарыккан төөнүн кечири, / Эп келиптир кечирге, / Сары иттин кечирин, / Жигине жаап бастырып, / Данакерден талкалап, / Себелетип салдырып, / Чубалды деген суу жандар, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →