чарчы

китептерде 5 жолу
  1. Квадрат, төрт тарабы бирдей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мырзалардын эң жогору жагында, жүккө таяй, чалкасынан керилип, попоростун түтүнүн түндүктү карай буралтып, үйлөп, ырахаттанып отурган чарчы бойлуу сары жигит, Урманбетке кыйгачынан бир карап алды да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
бар кийими жарашып түптүз, типтик, чарчы бойлуу, зыңкыйган, бир сындуу солдат болгон да калган! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала Курман деген чарчы бойлуу келген далылуу, көздөрү кутурган иттей алактап, кан жая берүүчүдөй кыпкызыл бетинен митаамдыгы ташып турган, тириде жок тентек, шок жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Өзүнөн катыны көп жаш, ары кетсе жыйырма бештерде деп айтарлык чарчы бойлуу, көзү капкара, бети тоголок чымыраган кара катын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көзү көк таштай, мурду чочконун тумшугундай теңирейген чарчы бойлуу семиз адам. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →