чартылда
- Чарт-чурт эткен катуу дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалгыз элден бөлүнгөн, / Алтоо болуп көрүнөт, / Найза бойу алдына, / Алты сай мөндүр куйдуруп, / Күн чагылып чартылдап, / Кулак мээни тундуруп, / Чоргосун алган көнөктөй, / Жамгыр жерге төгүлүп, / Жөө туман болуп бөлүнүп, / Тунарыктап сөгүлүп, / Аркасы ачык күн тийип, / Төбөсү …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жалынды көккө учуруп, / Шамал келет жер чаңдап, / Күн күркүрөп чартылдап, / Жылт-жылт этип кызыл чок, / Жердин бети жаркылдап, / Жети дөөнүн көп кошуун, / Баарыбыз калбай өлдүк, деп, / Коркуп турат калтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күн чартылдап чагылып, / Мөндүр түштү куйулуп, / Суулар акты шаркырап, / Таштар кулап калдырап, / Буту сынык бой шишик, / Кененим жатат жалдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куйун ойноп талаада, / Куу булут толду асманга, / Мылтык атып жаткандай, / Шамалдын үнү күрүлдөп, / Өнүп чыккан чынарлар, / Жалбырагы дүрүлдөп, / Сүрдүгүп булут чартылдап, / Чагылган доошу тарсылдап, / Өнүп чыккан жыгачтын, / Шактары жерге чабылат, / Ортосунан чарт кетип, / Ачасынан жарылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ай караңгы, түн бүркөк, / Таанылбайт көзгө күдүңдөп, / Аңгычакты болбоду, / Чагылган чагып чартылдап, / Жер айрылып жаркылдап, / Коргоолундай тай төөнүн, / Мөндүр куйду шартылдап, / Сасык туман каптады, / Аркырап кыйан акканы, / Каксоо жерге Сомбилек, / Аттан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →