чаркылда
- Чарк-чарк этүү, чарк-чарк эткен үн же дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы тулпар тааныдым» / Деп ойлонуп Кубулжан, / Чөөчө күлүп шаңкылдап, / Бойго жеткен кыз болуп, / Мас болгондой шаңкылдап, / Ташка чапкан немедей, / Үнү укмуштуу чаркылдап: / Тааныгының мен ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…аздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бартылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Канатын кагып чаркылдап, / Катуу үн чыгып баркылдап, / Айырбай көзүн жалтылдап, / Тилин салып акактап, / Канатын сүйрөп салпылдап, / Баласын көрүп баатырга, / Келип калды жакындап, / Эки күн эптеп багыптыр, / Эне-атасы ал жерден, / Кетпей туруп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →