чаркар
- Турак жай, мал короо. Сарай, мал сарай, топон сакталуучу жай.
- диал. Тамыры тартагай келген өсүмдүктүн аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жаркылдап, / Экөөндө балта жалтылдап, / Экөө найза сундуруп, / Күркүрөгөн найзанын, / Күүсү кулак тундуруп, / Шамал болуп дуулдап, / Маңгыттап уран чакырып, / Чаркаргадай чуулдап, / Касабасы калкылдап, / Аргымактар алкылдап, / Айгай сүрөөн бакырык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →