чарк1

китептерде 25 жолу, 8 китепте чарк 3 →
  1. Күч, кубат, ал, чама, маани-жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чама келип, чарк жетпей, / Бала кезден бер жакка, / Бадырек Отор ит менен, / Басташкансып келатам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Быйыл бойду сергитип, / Аттарды жакшы семиртип, / Соот менен олпоктун, / Топчулугун бекитип, / Найзаны ташка түйрөйтүп, / Кылычты чаркка эгетип, / Балтаны ууга сугарып, / Найзанын учун жаңылап, / Бөрү тили чыгартып, / Жаңылап элден кол алып, / Анан барсак кантет, / Күчтү күчкө улантып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бел кармашып эки эр, / Нар буурадай жөөлөшүп, / Көөдөндөшүп калышып, / Орой кармап кемерден, / Балбан колун салышып, / Анткен менен дагы эле, / Чама жетпей, чарк келбей, / Булар турат тайышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Менин барар аргам жок, / Бүткөн бойдо дарман жок, / Чама келип чарк жетип, / Жакташып кирип доңузга, / Чабышар чама калган жок, / Эсебин тапчу арамдын, / Шер Сейитек мында жок, / Кара дөөдөн кеп угуп, / Хан Семетей караса, / Ай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…п, / Күдүрөгөн андан көп, / Улук болбой жерге кир, / Кыргыз менен урушуп, / Кырат экен бизди, деп, / Кудураган андан көп, / Найзасын ташка түйрөйтүп, / Кылычын чаркка бүлөтүп, / Тайарланып урушка, / Дактайганы андан көп, / Чокморун артып ийнине, / Айбандын минип пилине, / Чакчайганы андан көп, / Түк бүткөндөн бер жакка, / Ды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →