чаржайыт
- Баш аламан, туш келди, иретсиз, чачкын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тымтыракай түшүрүп, / Жамгырчы элин бөлгөнү, / Чачылган кыргыз таруудай, / Чаржайыт таркап калмактын, / Кордугуна көнгөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Чуркураган чаржайыт үндөр уламдан-улам күчөй берип, жаман үйдү көтөрүп кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тосмо суудай мемиреген жазы, жумшак кечте, кыжылдаган сансыз кой аралашып, чаржайыт чуркурап, уйлар музоосун издеп мөөрөп, жер суунун тынчын алып, кечки тунук абаны экилендирип, айлана кайнаган күүгө толуп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →